Биз менен байланышыңыз

Атамбаев: Жээнбековго ишенип ката кетиргем, эми аны оңдошум керек

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 881 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митингде президент Сооронбай Жээнбековдун ою жалаң гана бийлик менен акчада экенин билдирди.

«Кудай урсун! Атамбаев үйүндө жатса, «чимкириктер» сүйлөйбү? Депутаттар сүйлөй албай коркуп отурат. Мен айла жок чыгып сүйлөп жатам. Мен Сооронбай Жээнбековго ишенип ката кетиргем, эми аны оңдошум керек. Бийлик мени же өлтүрө албай, же камата албай жатат. Ошондуктан, түрдүү ушактарды таратууда. Атамбаев Батукаевден акча алды деген маалыматты чыгаруу үчүн ар кимди каматып жатат. Ойлосоңуздар, мен президент болуп турганда «Батукаев акча бер, чыгарып жиберем» деп айтат белем. Аны Сооронбай Жээнбеков айтат», — дейт Атамбаев.

Экс президент буга кошумча, бийликке келгенде врачтардын, мугалимдердин, укук коргоо органдарынын айлык акысын көтөрүп, жол жана башка инфратүзүмдөрдү жакшыртканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM