Биз менен байланышыңыз

Аймактарда сот-укуктук реформаларга мониторинг жүргүзгөн жыйын өтөт

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 406 | 0

Сот-укуктук реформалардын иш-чараларын мониторинг кылуу боюнча жумушчу топ Ысык-Көл жана Нарын облустарында көчмө иш-чараларды өткөрөт. Бул тууралуу Президенттин расмий сайты жазды.

Андагы маалымат боюнча, көчмө иш-чара 9-июндан 13-июнга чейин жүргүзүлөт. Иш-чарага КР Президентине караштуу Сот реформасы боюнча кеңешинин катчысы, Президенттик Аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Санжар Исабаев жетекчилик кылат.

«Бул иш-чаралардын негизги максаты жаңы кылмыш-жаза укуктук мыйзамдарынын алкагында тийиштүү мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөө болуп саналат. Көчмө иш-чаралардын жүрүшүндө пробация органдарынын учурдагы иши, сот, көзөмөлдөө жана укук коргоо органдарынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен таанышуу пландаштырылган», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, тийиштүү органдардын өкүлдөрүнүн укук коргоочулук тажрыйбасын түзүүгө байланыштуу пикир алышуу жана консультативдик жолугушуулар өткөрүлөт.

Жогоруда аталган иш-чаралардын жыйынтыгы менен жумушчу топтун мүчөлөрү жыйналган маалыматтардын негизинде анализ жүргүзөт, белгилүү сунуштамалар иштелип чыгат жана андан ары тийиштүү аткаруучу мамлекеттик органдарга багытталат.

Эске салсак, Президенттин «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында сот адилеттигин жүргүзүүдө кодекстерди жана башка мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу боюнча соттук реформанын алкагында жүзөгө ашырылып жаткан иш-чараларга мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамына Президенттин, Өкмөт Аппараттарынын, Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын, ИИМдин, Юстиция министрлигинин өкүлдөрү, окумуштуулар, укук таануучулар, адвокаттар, көз карандысыз серепчилер, жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Copyright © 2017 Maral FM