Биз менен байланышыңыз

Митинг: Албек Ибраимовдун агасы президентке суроо узатты

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 791 | 0

Абактагы экс-мэр Албек Ибраимовдун агасы Сабырбек Алыпкачтиев Бишкекте өтүп жаткан «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аттуу митингде президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Ата районунда гектарлаган жер тилкелери бар экенин айтып, Жээнбеков өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам катары мындай ири жерлерди кайсы каражатка алганына кызыкты.

«Президент буга жооп берсин. Ал өлкөнү түндүк-түштүк деп бөлүп, мурдагы президент Курманбек Бакиевден да ашып кетти. Коррупция менен аёсуз күрөшөм деген Жээнбеков биринчи кезекте өзүнүн тегерегин карасын», — дейт Алыпкачтиев.

Ал Албек Ибраимовдун соттук иши башаламан болуп жатканын айтып, адвокаттар тактаган маалыматтар сот тарабынан четке кагылганын билдирди.

«Албек Ибраимовдун соттук иши саясий буйрутманын негизинде болуп жатат. Мындан улам, Албек Ибраимовду саясий туткун деп атадык. Бийлик мыйзамдуулукту жана тартипти бузууда. Мындан сырткары, коррупциянын символу болгон Райымбек Матраимовдун кылмыш иштери аныкталса да, иш карала элек», — дейт Алыпкачтиев.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.

Copyright © 2017 Maral FM