Биз менен байланышыңыз

«Мыйзамсыз буйрукту аткаруу — коррупциянын пайдубалы»

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 501 | 0

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Бишкекте өтүп жаткан «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» митингинде бийлик коррупцияны шылтоо кылып, саясий оппоненттери менен күрөшүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз буйруктарды аткаруучулар коррупциянын пайдубалы болуп саналат. Андыктан, алгач сотторду, прокурорлорду жоопко тартуу зарыл.

«Коррупция пара алгандан болобу, же бергенденби? Албетте, бергенден болот. Коррупция менен күрөшүү үчүн эл өз деңгээлин көтөрүп, кыйналса да эч качан пара бербеши зарыл. Пара берип үйрөнгөндөр кантип мыйзамды сактаган прокурор болот?  Мыйзамсыз коррупциялык буйруктарды аткаргандардын жоопкерчилиги жогору. Исаковду бошотуу керек болчу. Ал бир жылдан бери соттук иши жылбай камалып турат. Анткени, жалган көрсөтмөдөн башка эч кандай далилдери жок. Азыр УКМК далили жок эле «Коррупция» боюнча камап, коркутууда. Алар ушуга көрсөтмө берсең, жеңил жаза аласың деп келишим түзөт», — дейт Токтакунов.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси атайын саясий оппоненттер менен күрөшүү үчүн иштеп жатканын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM