Биз менен байланышыңыз

Айтикеев: Өлкөдө саясий элитаны алмаштыруу керек

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 634 | 0

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев коррупция менен реалдуу күрөш болбой жатканын Бишкекте өтүп жаткан митингде билдирди.

Ага экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев менен мурдагы Башкы прокурор Аида Салянованын камалышы мисал боло аларын белгиледи.

Мындан сырткары, Бишкек ЖЭБи боюнча соттук процесстер жабык жүрүп жаткандыктан, күмөндүү ойлор жаралып жатканын айтты.

«Бийлик коррупция менен күрөшүүнү өзүнөн башташы керек. Кечээки демөөрчүсү, таанымал коррупционердин камалганына күбө болдуңарбы? Тескерисинче, Атамбаевге акаарат келтирип жатат. Журналисттер иликтеп чыкты. Бирок бийлик бул боюнча үн каткан жок. Бийликтин реалдуу чечим чыгаруусун талап кылалы. Бийлик кеткенден кийин сындоо баарынын колунан келет», — дейт Айтикеев.

Ал буга кошумча, президент Сооронбай Жээнбеков 1 жарым жылда эч кандай реформа жасай албаганын айтып өттү.

«Биз — жаштар, ушул жерде отурган баарыбыз жакшы жашоого укуктуубуз. Азыр саяий элитанын алмаша турган учуру келди. Ал өзгөрүүнү бүгүн жасашыбыз керек. Азыр бардык бийлик президенттин колунда. Парламент да, өкмөт да, соттор да 7-кабаттын айтканын аткарат. Бүгүнкү жыйындын катышуучулары өзгөрүүнү бүгүн баштайлы. Биздин катарга миндеген жаштар кошулушу зарыл. Бийлик оппоненттерин куугунтуктабасын», — дейт Айтикеев.

Copyright © 2017 Maral FM