Биз менен байланышыңыз

Шамиль Атахановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 423 | 0

Мурдагы вице-премьер министр Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна айыпталып камакка алынган Шамил Атаханов кечээ, 7-июнда тергөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкектеги №1 убактылуу кармоочу жайынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

Маалыматка ылайык, адвокаттын катышуусунда өткөн тергөө амалдарын жүрүшүндө Шамиль Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирген. Буга байланыштуу Биринчи май райондук соту анын камакта кармоо боюнча бөгөт чарасын башкага өзгөрткөн.

Бирок маалыматта Атахановдун баш коргоо чарасы эмнеге алмаштырылганы айтылган эмес.

 

Copyright © 2017 Maral FM