Биз менен байланышыңыз

Тереза Мэй партия жетекчилигинен кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 427 | 0

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй Консервативдик партиянын жетекчилигинен, аны менен катар премьер-министрлик кызматтан кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Мэй жаңы премьер-министр шайланганга чейин кызматын улантат. Ал эми жаңы өкмөт башчынын аты июлдун экинчи жарымында белгилүү болору күтүлүп жатат.

«Мэй партия лидерлигинен кеткенин жарыялаган соң, башкаруу комитети партия мүчөлөрүнө жаңы жетекчи үчүн талапкер сунуштоого чакырган. Талапкерлерди сунуштоо 10-июнга чейин уланат. Мэй жаңы лидер дайындалганга чейин партияны жетектеп турат», — деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, Мэй кызматтан кетерин май айынын акырында жарыялаган.

Тереза Мэй отставкасы тууралуу айтып жатып, көзүнө жаш алды

Copyright © 2017 Maral FM