Биз менен байланышыңыз

Мэй ушул жайда бийликтен кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 506 | 0

Британиялык басылмалар кээ бир өкмөт мүчөлөрүнүн сөздөрүнө таянып, премьер-министр Тереза Мэйдин ушул жайда бийликтен кете турганын жазышууда.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн Эл аралык соода министри Лиам Фокс менен Бизнес иштери боюнча министр Грегг Кларктын айтымында? Мэй «Брексит» ишке ашкан соң өз ыктыяры менен кызматтан кетет. Анткени анын акыркы кездери айткан сөздөрүнөн улам ушундай чечим чыгарууга болот.

Буга чейин ал өзү 2022-жылдагы шайлоого катышпасын жана консерванттарга лидерлик кылбасын билдирген болчу.

Эске салсак, Британиянын Евробиримдиктен чыгуусун демилгелеген Мэй «Брексит» келишими боюнча парламенттин жана өз өкмөтүнүн да терс пикирлерине дуушар болгон. Оппозиция анын бийликтен кетүүсүн жана кезексиз шайлоо жарыяланышын талап кылышкан. Британия 29-мартта биримдиктен чыгуусу керек. Бирок анын шарттары боюнча келишим ратификациялана элек.

Copyright © 2017 Maral FM