Биз менен байланышыңыз

Тереза Мэй министрлер кабинетинин колдоосунан кол жууду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Мар 2019 | 462 | 0

Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй Brexit’тин айланасында түзүлгөн кырдаалдан улам министрлер кабинетинин колдоосунан кол жууду. Бул тууралуу The Daily Telegraph билдирди.

Басылманын маалыматы ылайык, Тереза Мэйге Улуу Британиянын өкмөтүндө эки адам гана колдоо көрсөтүүдө.

Өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Тереза Мэйдин июль айынан кечикпей кызматтан кетишин каалап жатышат.

Министрлер кабинети Тереза Мэй Евробиримдик менен Brexit боюнча келишимдин артында Улуу Британиянын парламентинин жактыруусуна ээ боло албай турганын айтат.

Copyright © 2017 Maral FM