Биз менен байланышыңыз

АКШ президенти Трамп Лондонго келди

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 930 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британияга расмий сапар менен келди. Аны коштогондордун катарында жубайы Мелания да бар. Бул боюнча Sky News телеканалы түз эфир аркылуу чагылдырды.

Расмий жолугушуу  Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин отставкага кетүү алдында өтөт. Иш сапары 3 күнгө созулары маалымдалган.

АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британияга экинчи ирет келүүдө. Алгачкы сапарында Елизавета IIнин чакыруусу менен келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM