Connect with us

Тереза Мэй отставкасы тууралуу айтып жатып, көзүнө жаш алды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Май 2019 | 987 | 0

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй 7-июнда кызматтан кетет. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүнүн алдында жасаган маалымат жыйында өзү билдирди.

Андан тышкары, 3 жылдан бери жетектеп келаткан Консервативдик партиясынын лидерлигинен, буга байланыштуу өкмөт башчылык кызматынан да кетерин расмий түрдө ачыктады.

«Британияга кызмат кылуу чоң сыймык. Колуман келген бардык жакшылыкты кылдым. Бирок аракеттерим ийгиликсиз болду. Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн партия лидерлигинен кетүүнү туура көрдүм. Мен бул өлкөнүн экинчи аял башчысымын, бирок акыркы эмес. Сүйүктүү өлкөмө таарыныч менен эмес, ыраазычылык менен бул кызматты тапшырып берем», — деди Мэй ый аралаш.

Маалым болгондой, Тереза Мэйдин үч жылдык бийлиги королдуктун Евробиримдиктен чыгуусунун тегерегиндеги чуулар менен коштолду. Ал биримдиктен чыгуу тууралуу долбоорду Анлгия парламентине үч жолу сунуштаганына карабай, өтпөй калды. Акыркы кездери оппозиция эле эмес, өзүнүн партиясы тарабынан да кызматын тапшыруусун талап кылган кысымдар күчөп кеткен болчу. Бул келишпестиктерге байланыштуу «Брекзит» 31-сентябрга жылдырылган.

Эске салсак, Тереза Мэй 2016-жылдын 11-июлунда Консервативдик партиясынан шайланып келген.

Copyright © 2017 Maral FM