Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Тажикстанга 20 млн евро грант бөлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 586 | 0

Европа биримдиги Тажикстандагы Тоолуу Бадахшан автономиялык облусунда жайгашкан «Себор» ГЭСинин курулушуна 20 миллион евро грант бөлөт. Бул тууралуу Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, Евробиримдиктин гранттык каражаты Шохдара дарыясына курула турган ГЭСтин объектилерин тургузууга кете турган чыгымды толугу менен жабат.

Белгилей кетсек, «Себзор» ГЭСинин курулушу 2015-жылы башталган. Анда тажик бийлиги анын кубаттуулугу 10 МВт болорун билдирген. ГЭС автоном облусту гана эмес, Ооганстандын чек арага жакын аймактарын да электр энергиясы менен камсыз кылары айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM