Биз менен байланышыңыз

«Касым-Жомарт Токаев Назарбаевдин «стратегиялык багытын» улантат»

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2019 | 409 | 0

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Казакстанды ачык саясат жүргүзүүгө жана саясий туткундарды бошотууга чакырды. Бул тууралуу centralasian.org сайты жазды.

Сайт берген маалыматка ылайык, уюм: «9-июнда өтө турчу президенттик шайлоонун мурдагы шайлоолордон эч айырмачылыгы болбойт».

Аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Мира Риттмандын 5-июнда жарыяланган «Казакстандагы шайлоолор жана транзит элеси» аттуу баяндамасында бийлик авторитардык бойдон калып, тынч жыйындарды өткөрүүгө тыюу салынып, журналисттер кармалып, сөз эркиндиги ооздукталып жатканын белгилеген.

Бул мурунку бийликтен калган адат, тактап айтканда, Назарбаев репрессиялык аракеттерге ыктаган, сынчыларын түрмөгө камаган, сөз эркиндигин ооздуктаган мурас калтырып кеткенин айткан. Касым-Жомарт Токаев да Назарбаевдин түздөн-түз мураскери катары президенттик ыйгарым укуктарына киришип жатып, экс-президенттин «стратегиялык багытын» улантат деп эсептеген.

Муну менен катар, Казакстандагы кыска мөөнөттүү шайлоо кампаниясында оппозициялык активдүүлүккө чектөө киргизилгенин, башкаруучу партияда административдик ресурс бар экенин эске алганда, шайлоо мурункудан өзгөчөлөнбөй турганы да билдирилген. Ошондой эле, Казакстандагы саясий транзит алдын ала терең ойлонулган жана көзөмөлдөнгөн жараян экенин жазган.

Мира Риттман баяндамасынын соңунда, Казакстандын жакында дайындала турчу президентине «ЖМКлардын ачык-айкын иштөөсүнө шарт түзүп, тынч жыйын өткөрүүгө уруксат берип, саясий туткундарды бошотуу керек», — деген сунушун берген.

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо ушул жекшемби күнү, 9-июнда өтөт. Президенттикке жети талапкер ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM