Биз менен байланышыңыз

15-июнда Кыргызстан-Индия бизнес-форуму өтөт

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 472 | 0

15-июнда Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Индиянын премьер-министри  Нарендра Модинин катышуусунда Кыргызстан-Индия бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Форумдун негизги максаты Индиянын ири бизнес компанияларынын жетекчилери менен байланыш түзүп, эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат. Анда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө, биргелешкен ишканаларды куруу жана инвесторлорду тартуу боюнча маселелер каралат.

Ошондой эле, Кыргызстан тарап биргелешкен долбоорлорду түзүүгө, ишканаларды ачууга жана ата мекендик өндүрүштү экспорттоого басым жасоону мерчемдеп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM