Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин иши боюнча кармалган дарыгер Макимбетов № 47 абакка которулду

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 555 | 0

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна шектелип кармалган дарыгер Эмил Макимбетов ден соолугуна байланыштуу №47 абакка которулду. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу борбору билдирди.

Маалыматка караганда, № 1 Убактылуу кармоочу жайына камакка алынган дарыгердин кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Эске салсак, мындан алты жыл мурун кримтөбөл Азиз Батукаевге «рак оорусу менен ооруйт» деген диагноз коюлуп, соттун чечими менен абактан эрте бошотулган. Ал ошол эле күнү Кыргызстандан чыгып кеткен. Ошол кезде коюлган диагноз бүгүнкү күнгө дал келбей, кримтөбөл учурда тирүү.

Мындан улам, аталган иш кайрадан жанданып, кримтөбөлдүн «рак оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган. Мындан тышкары, мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева да кармалып, ал 22-майда үй камагына бошотулган.

Ошондой эле, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова камакка алынган. Жазаларды аткаруу кызматынын ошол кездеги жетекчиси Зарылбек Рысалиев суракка чакыртылган.

Copyright © 2017 Maral FM