Биз менен байланышыңыз

Батукаевдин абактан бошотулганы боюнча алгачкы сот отуруму болот

Кыска кабар | 15 Ноя 2019 | 654 | 0

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышына байланышкан чуулгандуу сот процесси башталат.

Бул иште башкы айыпталуучу катары Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев саналууда.

Батукаев 2013-жылдын апрель айында Кыргызстандан чыгып кеткен. Дарыгерлер ага ошол кезде “оор лейкоз” илдетине чалдыккан деген диагнозду коюшкан. Нарында камакта жаткан жеринен тарыхый мекени Чеченстанга учуп кеткен. Ошол кездеги күч органдары бул иште мыйзам бузуу болгон деп эсептешкен эмес.

Батукаевдин абактан бошотулушун иликтөө 2019-жылы жанданган. Бул иш боюнча 19 кишиге айып тагылууда. Алардын катарында диагноз койгон дарыгерлер, Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү, бир катар күч органдарынын жетекчилери жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да бар.

Copyright © 2017 Maral FM