Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Атамбаев сотко барбай, мыйзамды сыйлабастыгын көрсөттү

Күн чекит , Кыска кабар | 14 Окт 2019 | 1130 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев соттук отурумдарга барбай мыйзамдарды сыйлабастыгын жана мыйзамдарга баш ийбестигин көрсөтүүдө. Мындай пикирин КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

“Алмазбек Атамбаев акыркы кадамдары менен мыйзамдарды таптакыр сыйлабастыгын көрсөттү. Негизи мыйзам боюнча чакырганда келбесе, аны катыштырбай эле сот процессин жүргүзүп, ишти карай берсе болот. Азыркы мыйзам буга толук мүмкүнчүлүк берет. Атамбаев ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан соттордун 90 пайызын өзү дайындаган”,-дейт Чолпонбаев.

Ал ошондой эле, Азиз Батукаевдин чоң кылмышкер экендигин жана анын бошотулуусуна тиешеси барлардын баары мыйзам алдында жазасын алуусу керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, “Батукаев маселесинде саясий боёк бар дегенге ишенбейм”,-деди. Бүгүнкү күндө Батукаевдин бошотулуусу боюнча иш мыйзам чегинде каралып жаткандыгын жана бул маселе аягына чыгарына ишенерин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу соттук угуулар уланууда. Бүгүн 14-Октябрдагы отурумга да мурунку президент Алмазбек Атамбаев катышуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаев сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, алардын азыркы бийликтин көрсөтмөсүнүн негизинде иш алып бара турганын айтып, соттук угууну анын катышуусу жок өткөрүүнү талап кылган.

Copyright © 2017 Maral FM