Биз менен байланышыңыз

«Коопсуз шаар»: Айып пулдан 100 млн сомдон ашык каражат түштү

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 713 | 0

«Коопсуз шаар» долбоору башталган алгачкы 3 айда бюджетке 100 миллион 94 миң 840 сом түшкөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-марттан бери 159 миң 35 жол эрежесин бузуу катталган. Алардын ичинен 69 миң 175и айып пулдарын төлөшкөн.

Белгилей кетсек, «Коопсуз шаар» долбоору үстүбүздөгү жылдын 4-мартынан тарта иштеп баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM