Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков финансы чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 434 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн финансы жана экономика чөйрөсүнүн кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы куттуктоосунда өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүшү, мамлекеттин ресурстарын натыйжалуу башкаруу жарандардын бакубат турмушунун негизи болуп саналарын айтып, диверсификацияланган, тең салмактуу түзүмү бар, атаандаштыкка жөндөмдүү экономиканы түзүү үчүн жагымдуу инвестициялык чөйрөнү орнотуу милдети турганын белгиледи.

Мындан сырткары, финансылык ресурстарды ачык-айкын, рационалдуу жана натыйжалуу башкаруу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналарына токтолду.

Ошондой эле, ушул тармакта иштеген кызматкерлерге бекем ден соолук, ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

Copyright © 2017 Maral FM