Биз менен байланышыңыз

ЖМК: «Талибан» түрмөсүнөн бошотулгандардын арасында кыргызстандык да бар

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 577 | 0

Ооган армиясы «Талибандын» Нангархар чөлкөмүндөгү түрмөсүн колго алып, ал жердеги туткундарды азаттыкка чыгарды. Бул тууралуу Associated Press маалымат агенттиги билдирди.

Ооган өкмөттүн билдирүүсүнө караганда, талибдердин абагынан 84 туткун куткарылган. Алардын көпчүлүгү Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жана жөнөкөй жарандар болгон.

Бирок, аскерлер менен жарандардан сырткары, «Ислам мамлекети» террордук тобуна тиешелүү экени айтылган өзбекстандык, тажикистандык жана кыргызстандык жалпы 8 согушкер да болгон.

Copyright © 2017 Maral FM