Биз менен байланышыңыз

Балдарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директору камакка алынды

Кыска кабар | 7 Июн 2019 | 579 | 0

Бишкек шаарындагы Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы директору Алексей Петрушевский камакка алынды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Кечээ УКМКнын материалдары боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Алексей Петрушевский Кылмыш кодексинин 320 беренесинин 2 бөлүгү боюнча кылмышка шектелип жатканы тууралуу маалымдалган.

Ошол эле күнү шектүү УКМКнын тергөө жайына камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM