Биз менен байланышыңыз

Курманкулов: Көп улуттуу аймактарга анализ жүргүзүлүп турат

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Июн 2019 | 681 | 0

Көп улуттуу калк жашаган аймактарда ар кандай маселелерден улам кагылышуулар болот. Андыктан, мындай аймактардын атайын картасы иштелип чыгып, анализ жүргүзүлүп турушу керек. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Алсак, 2019-жылы Чүй облусу боюнча 8 факты катталган. Анын төртөө Ысык-Ата районунда, экөө Москва районунда, Жайыл жана Кемин райондорунда бирден факты катталган. Анализдеп көрсөк, 2006-жылы Искра айлында, 2009-жылы Петровкада, 2010-жылы Маевка айылында да ушуга окшош чыр чыккан. Алар социалдык тиричилик маселелеринен улам келип чыгууда. Ага укук коргоо органдарынын коррупциялык аракеттери да себеп болушу ыктымал. Бирок мен тиги же бул кызматкер акча алды деп айта албайм. 5 кол тең эмес. Милициялардын арасында пара алгандары да чыгып калышы мүмкүн. Ага күбө болгондор бизге кайрылса катуу чара көрүлөт», — дейт Курманкулов.

Ал белгилегендей, Чүй облусунда 900 миңден ашык адам жашайт. Чүй жергесинде алтымыштан ашуун улуттун өкүлү ынтымактуу жашап жатат.

Copyright © 2017 Maral FM