Биз менен байланышыңыз

Орус компаниясы менен жүгөрү өндүрүү боюнча сүйлөшүлдү

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 514 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев Орусиянын Краснодар облусунун «Кубань» агрохолдингинин башкы директору Н. Николаенко менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу жаңы сортторду өндүрүү, инновациялык заманбап технологияларды пайдалануу менен эгиндердин түшүмдүүлүгүн гектарына 60-70 центнерге жеткирүү, буудай данынын дүң жыйымын 1,5 млн. тоннага чейин көбөйтүп, өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Кубан үрөнчүлүгү» илимий өндүрүштүк бирикмеси менен гибриддик жүгөрүнүн аталык линияларын чаңдаштыруунун негизинде иш алып барып, жер аянтын 5 миң гектарга жеткирүү аркылуу жүгөрү иштетүүчү модулдук заводду курууну монтаждоо боюнча биргеликте кызматташуу сүйлөшүлдү. 

Мунун негизинде гибриддик жүгөрүнүн түшүмдүүлүгүн 120,0-160,0 центнерге жеткирүү жана жүгөрү үрөнүн башка коңшу республикага экспорттоо боюнча талкуу болду. 

Copyright © 2017 Maral FM