Биз менен байланышыңыз

№1 СИЗОнун кызматкери телефон берүүгө аракет кылган

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 406 | 0

Бишкектеги №1 СИЗОнун кызматкери соттолгон жаранга жашыруун түрдө телефон берүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

5-июндун кечинде №1 СИЗОнун кызматкерин текшерүү учурунда анын жанында «Самсунг» маркасындагы телефон заряддагычы менен табылган.

Профилактикалык сүйлөшүүдө кызматкер телефонду камакка алынган жаранга берүүгө аракет кылганын мойнуна алган.

Топтолгон материалдар юридикалык баа берүү үчүн Прокуратурага өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM