Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Албетте, Украина НАТОго кошулат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 494 | 0

Украина Түндүк Атлантика альянсы уюмуна (НАТО) кошулат. Бирок маселе референдумга коюлушу керек. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

Ал НАТОго жол биринчи кезекте өлкө жана армиянын коопсуздугу үчүн маанилүү экенин белгилеген.

«Биз украиналыктарга НАТО эмне экенин жана ал коркунучтуу эмес экенин айтышыбыз керек. Украин эли даяр болгондо, маселени референдумга коёбуз. Албетте, Украина НАТОго кирет«, — дейт Зеленский.

Буга чейин Зеленский Украинанын НАТОго кирүү маселеси боюнча референдум өткөрөрүн маалымдаган.

Серепчилердин пикиринде, Киев жакынкы 20 жыл ичинде НАТОго мүчө болуу үчүн коюлган талаптарга жооп бере албайт.

Copyright © 2017 Maral FM