Биз менен байланышыңыз

Меркель менен Зеленский “норманд саммити” тууралуу сүйлөшүштү

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 624 | 0

ФРГ канцлери Ангела Меркель менен Украина президенти Владимир Зеленский 9-декабрда “норманд форматында” боло турган жолугушуу тууралуу бүгүн, 29-ноябрда телефон аркылуу сүйлөшүштү. Парижде өтө турган «норманд форматындагы» сүйлөшүүдө  Путин менен Зеленскийдин биринчи жолугушуусу болот. Мындай маалыматты эки тараптын маалымат кызматтары билдиришти. Украинанын Германиядагы элчиси Андрей Мельниктин айтымында, бул эки өлкө лидерлеринин акыркы айдагы жолугушууну уюштуруу тууралуу боюнча жетинчи жолку сүйлөшүүсү болду.

“Норманд саммити” 9-декабрда Парижде өтөт

Курамында Украина, Орусия, Германия жана Франция лидерлери кирген “норманд төрттүгүнүн” Донбасстагы чыр-чатакты жөнгө салууну көздөгөн саммити Парижде өтөт. Жолугушуунун алкагында Орусия жана Украина президенттеринин биринчи жолку көрүшүүсү болот. Тараптар “Минскийдеги келишимдерди аткаруудагы жаңы аракеттердин ырааттуулугун” иштеп чыгышат. Бул тууралуу Елисей ак сарайынан билдиришти. Өз кезегинде Кремль париж саммитинин “чоң үмүттөрүнө” суу сепкенге аракет кыла баштады.

Эскерте кетсек, “норманд форматына” кирген өлкө башчылары жана өкмөт башчылары 2016-жылдын октябрында жолугушкан.

Маалымат Дойче Велле ру сайтынан алынды.

Copyright © 2017 Maral FM