Биз менен байланышыңыз

Бешимов: Зеленский Жогорку Раданын сазайын берет

Күн чекит | 21 мая 2019 | 699 | 0

Кечээ Украинанын президенти Владимир Зеленскийди такка отургузуу аземи болуп өттү. Мындан ары Украина өлкөсүндө кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Ички жана тышкы саясатта олуттуу кадам жасай алабы? Башка мамлекеттерге таасири кандай болот? Биз ушул теманын айланасында «Күн чекит» программасында Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимов менен маек курганбыз.

— Жаңыдан бийликке келген Зеленский өлкөдөгү ички жана тышкы саясатка салмактуу өзгөртүүлөрдү киргизе алабы?

— Жаңы президент эки негизги нерсеге: Луганск жана Донбасс маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Себеби, шайлоонун астында ушул эки маселени чечем деген убада бербеди беле. 20-майдагы инаугурациясын көрдүк, башка өлкөнүн президенттери келип куттуктады. Ал эми инаугруацияны башкалардан өзгөчөчөлөнтүп өткөргөнү да өзүнчө чоң белги. Анда дагы бир жолу жогоруда көтөрүлгөн маселеге токтолуп, чечем деп кетти. Ошон үчүн күзүндө Украинада чоң өзгөрүүлөр болуп, алды менен Европалык союзга болгон кадамдар жанданат го?..

— Жогорку Раданы эмне себептен таркаткысы келип жатат?

— Украинада түзүлгөн бийликке байланыштуу да. Неге дегенде буга чейин Петр Порошенконун доорунда көрдүк, Раданын кээ бир жагдайларды токтотуп койгонго акысы бар. Көп иш Раданын уруксаты менен чечилет. Буга чейин шайлоонун алдында Зеленский деле айткан, «Украинанын өнүгүп-өсүүсүнө Рада жол бербей жатат, президент болсом, Раданы жоем», — деп. Бирок Рада: «Буга мыйзам жол бербейт», — деп айткан. Ага карабастан, Зеленский бүгүнкү иш-чарада Раданы чачыратып жатканын айтпадыбы. Бирок алардын Конститутциялык соту кандай жооп берет, же ага кайрылуу болобу, жокпу убакыт көрсөтөт. Зеленский эл менен маңдай-тескей жолукпай эле, сүйлөшүүлөрдү социалдык тармактардан жүргүзүп, алдыда жасай турган иштерин жарыялап келген. Билек түрө киришип жатканына караганда, ошол иштер акырындап аткарылат окшойт. Шайлоо учурунда ошол Раданын 80%ы Зеленскийди сындап, орой мамиле кылып келген. Эми ал элге берген убадасын аткарып жатат.

— Күч түзүмдөрүн бошотуу кадамы эмнени билдирет? Эмне үчүн бул түзүмдөрдү алып жатат?

— Бул кадам боюнча да Зеленский шайлоо алдында «Соттор менен күч түзүмдөрүн түп-тамырынан өзгөртүшүм зарыл», — деп айткан. Бул сөздөрдү инаугурацияда да кайталады. Кандай кадамдарды жасап, дүйнө элин таң калтырып жиберет, алдыда көрөбүз да. Крымдагы окуянын таасиринен улам, Зеленский көп нерсени өзгөртөм деп, элге да, бийликтегилерге да сөз берип жатат. Ал эми экинчиден, батыш өлкөлөрдүн таасири го? Жыйынтыктап келсек, Зеленскийдин алдыда жасай турчу эки иши бар: биринчиси, Раданы жоюу, ал эми экинчиси, чиновниктердин санын кыскартуу. Мындан улам, Өкмөттүн жана Президенттин аппаратынын түзүмүн кескин өзгөртөт го?..

Copyright © 2017 Maral FM