Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жасалма паспортторун даярдап жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 465 | 0

«Манас» аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунан жасалма паспорт менен Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, Стамбул шаарына учууга аракет кылган коңшу мамлекеттин жараны, 1990-жылы туулган Ю.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызмат билдирди.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган паспорттун сериясы Кыргызстандын жараны, Ош облусунун тургуну, 2002-жылы туулган А. уулу Б.га таандык экени аныкталды.

Ошондой эле, «Манас» аэропортунун күтүү залында аталган кылмыштын уюштуруучусу, Кыргызстандын жараны, 1967-жылы туулган А. С. да колго түштү. Анын жанынан 1987-жылы туулган Насыров Пайзуллонун наамына даярдалган дагы бир жасалма паспорт табылды. Ошондой эле, жашаган жерин тинтүү учурунда 1987-жылы туулган Сухроб Рустамовдун наамына даярдалган дагы бир жасалма паспорт табылды.

Иликтөөнүн натыйжасында А. С. чет элдик жарандар үчүн Кыргызстандын жасалма паспортторду даярдоо жана сатып өткөрүү боюнча туруктуу канал уюштуруп келгени аныкталды. Бул жасалма документтер эл аралык террористтик уюмдун рекурттарын согуштук аймактарга катышууга жиберип туруу максатында колдонулган.

Материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда кармалган адамдар УКМКнын Тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM