Биз менен байланышыңыз

Америка: Суу ташкыны күнүнө 20 миллион долларлык чыгымга учуратууда

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 502 | 0

Американын Арканзас дарыясы ташып, 500дөн ашык турак үй кыйроого учурады.

Оклахом штатынын көпчүлүк шаарларындагы көчөлөрдү суу каптаган. Бир топ көпүрөлөр жабылып, жүк ташуучу кемелер токтотулган.

Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, учурда дарыя белгиленген нугунан ашып, өтө коркунучтуу абал жаралууда.

Байкоочулардын айтымында, суу ташкыны күн сайын 20 миллион долларлык чыгым алып келип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM