Биз менен байланышыңыз

Кожобеков: ЖОЖдордо ар бир адистик аккредитациядан өтөт

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 503 | 0

Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков «Марал» радиосуна берген маегинде учурда жогорку окуу жайлар сандык эмес сапаттык индикатор менен текшерилип жатканын билдирди.

Анын айтымында, университеттердин билим сапатын көзөмөлдөөдө көз карандысыз аккредитация механизми иштейт. Көз карандысыз уюм ар бир багыт боюнча анализ жүргүзөт.

«Программалык аккредитациядан ар бир адистик өтөт. Абитуриент ЖОЖго тапшырарда адистиктин аккредитациядан өткөнү боюнча сертификатын талап кылышы керек. Программалык рейтингдер аркылуу университеттердин рейтингине бара жатабыз. Рейтинг чыгарууда негизги басым мугалимдерге жасалат. Ошондой эле, ата-энелердин, студенттердин жана жумуш берүүчүлөрдүн пикири башкы ролду ойнойт. Мындан улам, аккредитация иш-чаралары жүрүп жатканда, баары активдүү катышса», — дейт Кожобеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM