Биз менен байланышыңыз

ЖОЖдор боюнча гранттык орундардын саны айтылды

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 606 | 0

Быйыл абитуриенттер үчүн ЖОЖдордо жалпы 5 миң 705 гранттык орун каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, гранттык орундар жакынкы 5 жылда муктаждык жарала турган адистиктерге бөлүнгөн. Тагыраагы, педагогикалык, медициналык, айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен, курулуш, энергетика, тарнспорт жана башка багыттар.

ЖОЖдор тиешелүү ишканалар менен келишим түзүп, Билим берүү жана илим министрлигине муктаждык жарала турчу орундардын анализин тапшырат. Анын негизинде гранттык орундар аныкталат.

Республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алган абитуриенттер да предметтик багыты боюнча гранттык орунга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Ошондой эле, ЖРТдан алтын сертификат алгандар да каалаган окуу жайын тандай алат.

«Айрым багыттар үчүн ЖРТнын негизинде гранттык орунга өтүү 100 упайга төмөндөтүлгөн. Ал эми колледждин бүтүрүүчүлөрүнүн ЖРТсы жок болсо, кесибине туура келген университетке тапшыра алат. ЖРТнын жыйынтыгы сынак тапшырылган жылга гана таандык. Бирок тест тапшырып аскерге кеткен балдар ЖРТнын жыйынтыгын кийинки жылы пайдалана алат», — дейт Кожобеков.

Copyright © 2017 Maral FM