Биз менен байланышыңыз

Кожобеков: 22-23-июнь күндөрү кошумча ЖРТ уюштурулат

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Июн 2019 | 420 | 0

22-23-июнь күндөрү кошумча ЖРТ уюштурулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Кудайберди Кожобеков «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ЖРТ кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлөт.

Кожобеков контракттык окутуунун формасын окуу жайлар өздөрү иштеп чыгарын белгилейт.

«Акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, окуу акысын шартына жараша ЖОЖдор өздөрү аныктайт. Ал эми бир гарнттык орундун баасы 26 миң сомду түзөт. Кийинки окуу жылынан тарта гранттык механизмдерди өзгөртүү каралууда. Балким каражатты стипендия сыяктуу абитуриентке берсек, өзү тандап алат. Бул боюнча кескин өзгөрүүлөр болушу мүкүн. Мындан сырткары, акыркы өзгөрүүлөргө ылайык, бакалаврды бүткөндөр өз багытында гана магистратурага тапшыра алат. Магистратуранын багытын өзгөртүү боюнча да иштер жүрүп жатат. Тиешелүү жоболорго өзгөртүү кириши мүмкүн», — дейт Кожобеков.

Ал белгилегендей, ЖОЖдордо иштеп жаткан механизм толугу менен ачык-айкын жүрөт. Сертификаттар электрондук каттоого алынат. Ар бир ташталган талон ачык-айкын болгондуктан, комиссиянын жыйынтыгынан күмөн саноого негиз жок.

Маалыматка ылайык, мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде быйыл Орусия Кыргызстанга 300 гранттык орун бөлгөн.

«Кытай 20дай, Венгрия 75 орун берет. Алардын тандоосу да толугу менен ачык-айкын өтөт. Абитуриенттердин тил билүү деңгээлине маани берилет. Нааразычылык жаралбай тургандай шарт түзүп бердик», — дейт Кожобеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM