Биз менен байланышыңыз

Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетүүсүн талап кылган акция өтөт

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 1053 | 0

Жарандык коомдун өкүлдөрү бүгүн Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун кызматтан кетишин талап кылган митинг өткөрөт.

Акцияны жарандык активист Мелис Аспеков демилгеледи. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасынан видео кайрылуу жасады. Анда Туйгунаалы Абдраимовдун журналист кызды шылдыңдап, кадыр-баркына шек келтиргенге моралдык укугу жок экенин айтып, тез арада кызматтан кетишин талап кылган акция өткөрүүгө коомчулукту чакырды.

Эске сала кетсек, кечээ Ороктогу жаңжал болгон жерге Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов да барган. Окуя тууралуу «Ала-Тоо 24» каналына  маалымат берип жатып, башка ЖМКнын журналистинин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Анын себебин сураган журналистке «Сиздин кебетеңиз жакпай жатат, өтө жагымсыз экен», — деп каткырып басып кеткен. Өкмөттүн өкүлүнүн бул кадамы коомчулуктун катуу сынына кабылды.

Copyright © 2017 Maral FM