Биз менен байланышыңыз

Ороктогу чырдан жапа чегип ооруканага жаткандардын абалы туруктуу

Кыска кабар | 6 Июн 2019 | 595 | 0

Орок айылындагы чырдан улам жаракат алгандардын абалы туруктуу. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ороктогу массалык мушташ учурунда жаракат алган өспүрүмдөр учурда балдардын шаардык клиникалык ооруканасында жатышат. Бирөөсү интенсивдүү терапия, экинчиси нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, дарыланып жатышат. Жапа чеккендер дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM