Биз менен байланышыңыз

Президент: Кыргызстан табиятты сактоо жана ага аяр мамиле кылууну колго алат

Кыска кабар | 5 Июн 2019 | 696 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда, өлкөнүн экологдорун кесиптик майрамы — Дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады.

Өлкө башчысынын куттуктоосунда жаратылышты коргоо акыркы жылдары эл аралык күн тартибинде талкууланган артыкчылыктуу маселелердин катарына киргени белгиленет.

Кыргызстан глобалдуу экологиялык коркунучтарды кыскартуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ишмердигине активдүү тартылып жатканын президент белгилейт.

«Биз, экологиялык таза азыктары жана экотуризми бар өлкө катары табиятты сактоо жана ага аяр мамиле кылуу боюнча жүргүзүлгөн жумушту күчөтүшүбүз керек. Алдыда бизди экологиялык абалды жакшыртуу боюнча чоң маселелер күтүп турат. Жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана нормативдерин реформалоо, „жашыл экономиканын“ принциптерин киргизүү, суу ресурстарын сарамжалдуу колдонуу, жашыл өсүмдүктөрдүн аянттарын кеңейтүү, таштандыларды жок кылуу жана кайра иштетүү инфраструктурасын өнүктүрүү, энергиянын альтернативдүү жана экологиялык таза булактарын колдонууну жакшыртуу керек», — деп айтылат президенттин куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM