Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Ар бир бала үй-бүлөлүк шартта жашап, чоңойушу керек

Кыска кабар | 4 Июн 2019 | 362 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июнда, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуону кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда өлкө башчысы балдарды коргоо жаатында уюм менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан жемиштүү кызматташтыкты канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле, энелердин өлүмүнүн 25 %га азайганын, жакыр үй-бүлөдө өскөн балдарга көрүлгөн чараларды артыкчылыктуу багыт катары атады.

«Кыргызстандагы ар бир бала үй-бүлөлүк шартта жашап, чоңойушу керек. Мамлекет өлкөнүн келечектеги өнүгүүсү үчүн дени сак жана билимдүү балдары бар коомду түзүү үчүн бардык аракеттерди көрөт», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Юкиэ Мокуо Кыргызстанда аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо боюнча чечимдерди кабыл алып жатканын, өлкөнүн мамлекеттик негизги органдарында аялдардын болушу, бул багыттагы мамлекеттик саясатты ийгиликтүү ишке ашырууга жардам бергенин канааттануу менен белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM