Биз менен байланышыңыз

Догоев: «Түндүк» долбоору боюнча элдин маалыматы аз болуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Июн 2019 | 621 | 0

Азыр Кыргызстанда 19 орган электрондук форматта маалымат алмашууга өттү. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев «Марал» радиосуна берген маегинде айтты. Анда ал акыркы 5 айдын жыйынтыгында бир топ жылыштар болгонун белгиледи.

— Алсак, Эстонияда өткөн 130 мамлекеттин катышуусундагы иш-чарада «Түндүк» алдыңкы долбоорлордун бири болуп, сыйлыкка ээ болду. Бирок бул долбоор боюнча эл арасында маалымат аз болуп жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков да буга басым жасап, маалыматтык саясатты күчтөндүрүүнү тапшырды. Эми мунун үстүндө көбүрөөк иштейбиз.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылы президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен Санариптик трансформациялоо концепциясы иштелип чыккан. Ага ылайык, санариптик инфратүзүмдү орнотуп, аймактарда сапаттуу жана арзан интернетти жеткиликтүү кылуу чаралары көрүлүп баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM