Биз менен байланышыңыз

«Ишенимден кеткен» Манас Арабаевдин коррупциялык иши

Саясат | 4 Июн 2019 | 469 | 0

УКМК 3-июнь күнү Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаев камалганын билдирди. Алынган маалыматтарда шектүүнүн иши «коррупция» беренесинин негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында кармалганы белгилүү болду.

2018-жылдын майында Манас Арабаев «жетекчиликтин ишениминен кетти» деген жүйө менен кызматтан бошотулган. Так, расмий маалымат болбогону менен Арабаев сотторго көрсөтмө берип келгени айтылып жүрөт. Депутат Жанар Акаевдин: «Сот органдары Кудайдан кийин эле Арабаевге баш иет», — деп айткан жайы бар.

КРнын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев да соттук реформа бөлүмүн жетектеп турганда, сотторго таасир эткенин бышыктады.

— Ал кызматта турганда соттордун ишине катуу таасир этип турган. Себеби аларды дайындоодо жана кызматтан алууда документтер Арабаевдин колунан өтчү. Ал сотторго каалаганын айта алчу. Ал эми соттор кандайдыр бир деңгээлде көз каранды болчу.  

Юрист мындай көрүнүштү коррупцияга каршы күрөштүн бир жолго салынып калганынын көрсөткүчү катары да баалады.

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова Октябрь райондук сотунун мурдагы судьясы Эрнист Чоткараевге да көрсөтмө бергенин айтты.

-Чоткараевге  жолдогон катында «мыйзамдын негизинде карап берүүңүздү өтүнөм» деген жери турат. Ал кагаздар «бул иш биздин текшерүүдө турат» деген маанини камтыйт. Эгер так эмес маалыматтарды айтсак, тааныш жактоочулар, соттор Арабаевдин көрсөтмө берерин айтып калышчу. Анын таасири жогору болгону мен үчүн шексиз.

Саясат талдоочу Алмаз Акматалиевдин айтканына таянсак, Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турган учурда да соттук чечимдер бийликтин көрсөтмөсү менен кабыл алынып турган. Эч кандай реформа жүрбөгөнүнө саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров жана Бекболот Талгарбековдордун камалышы далил. Ал эми Арабаев сотторго көрсөтмө берип, аларды башкарып, Атамбаевдин ишенимдүү кадры болуп турганын да белгиледи.

— Арабаев «ишенимден кетти» деген себеп менен кызматтан алынган. Мындай негизде кызматтан алынгандар аябай аз. Менин оюмча, кармалган прокурор кызматкерлери, соттор, ишкерлердин ишине байланыштуу кармалды. Ошондой эле, рейдерлик аракеттер, сотторго берген көрсөтмөлөрү да себеп болду окшойт.

Атайын кызмат Арабаевдин кармалышын жарыялоодо УКМК чет элдик инвесторлордун ишмердүүлүк жүргүзгөн обьектилерин рейдерлик жол менен тартып алгандарды, белгилүү бир кылмыш топ үчүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарды жоопко тартууну улантып жатканын да эскерткен. Юридика илимдеринин доктору Канатбек Азиздин пикиринде, УКМК бул маселеге жөн жерден басым жасаган эмес. Анткени, кытайлык инвестордун үйүн рейдерлик жол менен басып алганы да айтылып жүрөт.

— Иш Арабаев рейдерлик жол менен басып алган «Diamond City» турак жайына да байланыштуу болуп жатат. Менимче, Арабаевдин ысымы бул кылмыштагы акыркы ат эмес. Ал аткаруучу эле деп эсептейм. Кийин экс-президенттин айланасындагы адамдардын да аты аталат деп ойлойм. Бийликте тургандар кылмыш тобун түзүп алып, каалаганын кылышкан.

Жогоруда сөз болгон 280-батирлүү «Даймонд Сити» турак жайын инвестордун эмес, кийин ээлик кылган тараптын пайдасына Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркеева чечип берген болушу мүмкүн экени да айтылды. Канатбек Азиздин белгилешинче, Жаркеева суракка чакырылганда, соттук чечим чыгаруу учурунда Манас Арабаевдин көрсөтмө бергенин айткан болушу да мүмкүн.

Кошумчалай кетсек, Манас Арабаев 2018-жылы жетекчинин ишениминен кетти деген жүйө менен Президенттик Аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы кызматынан кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM