Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Айыл чарба министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 461 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевди кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев заманбап технологияларды колдонуу, ошондой эле, өндүрүмдөрүн экспорттоочу ишкерлерди колдоо аркылуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өкмөт башчы Эркинбек Чодуевге министрликке анын талапкерлигин бекитүү учурунда Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен айыл чарбасынын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын даярдоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM