Биз менен байланышыңыз

«Мүнөзүмө баа берем, чындык үчүн сабап да коём»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июн 2019 | 1176 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанды 20 жылдап талап-тоногондордун балдары, неберелери мамлекеттик кызматтарда иштеп жатканын билдирди.

«Ар бир саясатчынын өзүнүн ЖМКсы бар. Бизде жөө жүргөн, өз айлыгына жашаган саясатчылар да бар. Мени каралоо аракети болду. Өзүмдүн мүнөзүмө баа берем. Чындык үчүн сабап да коём. Айрым саясатчыларды көрүп жатам. Алар элди сызга отургузат да, эл менен жолукканда, алардан өткөн сылык киши жок. Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку жетекчиси, саясатчы Равшан Жээнбеков Кыргызстандын мүлкүн сатып, азыр чочкодой байып отурат», — дейт Мусабекова.

Ал буга кошумча, резюме ташыбаганын жана эч кимден кызмат сурабаганын белгиледи.

«Бирөөнүн камчысын чаап, трибуна талашкан да жокмун. Мен дайыма элдин көйгөйү менен гана алпурушуп келе жатам. Бир да топко аралашып, акча жебегеним үчүн уйкум тынч», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM