Биз менен байланышыңыз

Оштогу Айт намазы аянтта окулбай турган болду

Кыска кабар | 3 Июн 2019 | 750 | 0

Ош шаарында бул жолку Айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим муфтият тарабынан кабыл алынган.

Учурда Ош шаарынын 76 мечитинде Айт намазына даярдык жүрүп жатат.

Эске салсак, буга чейин айт намаздары Ош шаарынын Борбордук аянтында окулуп келген.

 

Copyright © 2017 Maral FM