Биз менен байланышыңыз

Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев 2019-жылы Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 508 | 0

Ушул жылы Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстанга келери пландалууда. Бул тууралуу Орусия Мамлекеттик Думасынын аппаратынын Протокол башкармалыгынын башчысы Тимур Рустамов айтканын «ТАСС» маалымат булагы бүгүн жазды.

«Бизден кийин Тышкы иштер министринини иш сапары каралган. Августта Өкмөт башчынын сапары күтүлүүдө. Бул күн тартиби белгилүү, ошондуктан, мен муну коомчулукка жарыялай алам», — деп билдирген Рустамов.

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин май айында Кыргызстанга келип, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Парламенттик ассамблея Кеңешинин көчмө жыйынына катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM