Биз менен байланышыңыз

АКШ мындан ары мигранттардын социалдык баракчаларын да текшерет

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июн 2019 | 785 | 0

АКШ миграциялык виза алууну катаалдатты. Бул тууралуу АКШ Президенттик Аппаратынын маалымат кызматы кабарлады.

Алынган маалыматтарга караганда, эми чет өлкөлүк жаран АКШ мамлекетине виза ачтыруу үчүн арыз менен кошо катталган социалдык тармактардагы баракчалары жана акыркы 5 жылда пайдаланган телефон номурлары тууралуу да маалымат берүүгө тийиш.

Бул мыйзам ушул жылдын 31-майынан баштап күчүнө кирген.

Эске салсак, АКШ бийлиги мындай текшерүүнү өтө шектүү жагдайлар жаралган кезде, ошондой эле, террордук актылар катталган аймактан келгендерге гана жүргүзчү.

Copyright © 2017 Maral FM