Биз менен байланышыңыз

Мектептеги рекетчилик эки эсе көбөйдү

Без рубрики | 31 мая 2019 | 655 | 0

Акыркы жуманын ичинде Бишкекте жана Ошто мектеп окуучуларынын катышуусунда өлүм менен коштолгон окуя коомчулукту катуу дүрбөттү. Антсе да, ИИМ муну рекетчилик катары сыпаттаган жок. Алардын берген маалыматы боюнча, мектептеги рекетчилик соңку 4 айдын ичинде өткөн жылдын ушул убагына салыштырмалуу 2 эсеге көп катталган. Адистер муну миграциянын айынан балдардын көзөмөлсүз калуусу менен түшүндүрүшсө, өспүрүмдөр өздөрү бул көрүнүштү мыйзам ченемдүү жагдай катары кабыл алышат.

Атын атагысы келбеген каарман мектепте окуп жүргөн кезинде рекетчиликке кабылып, бирок ата-энесинен, укук коргоо органдарынан жашырып келгенин айтат. Ал: «Мектептеги жогорку класстын балдары тарабынан болгон рекетчилик салт катары калыптанып калган, аны жоюу кыйын», — дейт.

— Мени да чоң класстын балдары тоногон күндөр болгон. Намыстанып, ата-энеме айта алган эмесмин. Айтсаң, коркок, саткын деп ансайын басынтышчу. Телефонду алып коюшат эле. Ал кезде милицияга арыздангандан да коркчумун. Бул мектепте салт катары болуп калган. Жоюу кыйын болуш керек. Анткени, кичинекейлер чоңдордон эмнени көрсө, алар да өзүнөн кийинкилерге ошол нерсени жасашат да.

Тилекке каршы, жогоруда айтылгандай көрүнүштөр мектептерде байма-бай катталып келгенин социалдык тармактардагы билдирүүлөр, күн алыс маалымат каражаттарына чыгып жүргөн окуялар тастыктай алат. Айрым учурда өлүм менен аяктаган өкүнүчтүү учурлар да бар. «Ушул жуманын ичинде катталган, мектеп окуучуларынын өлүмү менен аяктаган Бишкек жана Оштогу окуя азырынча рекетчилик деп сыпатталбайт», — дейт Коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Рашид Карабаев. Анткен менен мектептеги рекетчилик эки эсеге өскөнүн алар да моюндайт.

— Бишкек шаарындагы жана Оштогу фактыны рекетчилик деп айта албайбыз. Алдын ала териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча, анда өспүрүмдөр ич ара тил табыша албай уруша кетип, аягы ошондой болгон. Бирок рекетчилик боюнча айта турган болсок, ушул жылдын 4 айындагы көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 2 эсеге көп. 4 айдын ичинде эле 50дөй факты катталган.

Рашид Карабаев көрсөткүчтүн көбөйгөнүн мурда ачыкталбай калган фактылардын акыркы жылдары аныкталып жатканы менен түшүндүрөт. Анткени, ар бир мектепте атайын кутучалар орнотулган. Ага ата-эне, окуучулар арыздарын таштай алышат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Назгүл Мусаева мындай көрүнүштү коомдогу терс көрүнүштөрдүн көбөйүшү, миграциянын айынан балдардын көзөмөлсүз калуусу менен түшүндүрөт.

— Миграция күчөдү. Анын кесепетинен балдар ата-энесинен алыс өсүп, психикасы бузулуп калган учурлар бар. Чоң ата-чоң эненин колунда калып, айрым учурда көзөмөл жок болуп жатат. Ушундай факторлор да жаш өспүрүмгө таасирин тийгизүүдө.

Психологдордун айтымында, ата-эне балага таалимди 13 жашка чейин берип калышы керек. Андан кийинки куракта, өзгөчө өткөөл мезгилде тарбия берүү оорлоп кетет. Ошондуктан, мектептеги рекетчиликте ата-эне айтканы менен балага ошол убакытка чейин сүйүү, гармония, ынтымак деген сыяктуу сезимдер сиңирилбесе, кеч болуп калат. Билим берүү тармагындагы адис Асылбек Жооданбеков: «Зөөкүрлүк» мода болуп турган заманда балдарга билимди, маданиятты мода кылмайынча күрөшүү оор», — дейт.

— Тилекке каршы, жаштар арасында агрессия күч алды. Азыр акылдын, билимдин модасы эмес, зөөкүрлүктүн, кара күчтүн заманы болуп жатат. Мындай шартта балдар да ошол нерсени кумир тутуп жашап калышат. Аны акыркы кездеги окуялар тастыктай алат. Анын кесепетинен элибиздеги «улууга урмат» деген сыяктуу жакшы көрүнүштөр да жаман жолго колдонулуп, улуу класстын балдары кичүүлөрүн баш көтөртпөй жаткан учурлар кездешүүдө.

ИИМдин берген маалыматына ылайык, мектептердеги рекетчилик 5-6 жыл мурда күч алып, 2016-2018 жылдары басаңдай түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM