Биз менен байланышыңыз

ИИМдин кызматкерлеринен турган кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 31 мая 2019 | 458 | 0

Чүй облусунан ок-дарылары менен 12 калибрдеги чолок мылтыкты, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук Ички иштер бөлүмүнүн Криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Чүй облусунун Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К. Р. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Кармоо учурунда К. К. өзүнүн ВАЗ-2107 маркасындагы автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүүгө аракет жасап, бирок, колго түшүрүү үчүн келген ыкчам топтун автоунааларынын бири менен сүзүшүп алган.

Такталган маалымат боюнча, кылмыштуу топтун уюштуруучусу К. Р. калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекене саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (болжол менен 5 млн. доллар өлчөмүндө) аткезчилик жол менен ташыган тараптарга кол салууну мерчемдеп жатышкан.

Сотко чейинки териштирүүнүн алкагында, материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 321-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталды.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM