Биз менен байланышыңыз

«Матраимовдун мыйзамсыз иштерине Атамбаев жооп бериши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 629 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев — бажыдагы коррупциялык схеманын автору. Ал Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен чогуу оокат кылып жүргөндүктөн билип айтууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Бактыбек Калмаматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Матраимов тууралуу Атамбаевден башка нейтралдуу адам айтса, чындыкка жакын кабыл алынмак.

Матраимовго бир да бийлик бутагынын күчү жетпей жатканы коомчулукту ойлонтушу карек.

«Бул ишти жөн гана жаап салууга далалат кылбоо зарыл. Жакында Матраимовдун өзүнөн да жооп угуп калышыбыз мүмкүн. Өлкөдөн чыгып кеткен 700 млн. доллар жана Матраимовдун мыйзамсыз иштери үчүн ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев жооп бериши керек», — дейт Калмаматов.

Анын берген маалыматына ылайык, Кыргызстандан жылына 6 млрд. доллардай акча чет жакка чыгып турат. Башкача айтканда, кээ бир уйгурлардын Кытайдан Орусияга товар ташып, орто жолдо акча таап жатканын бир гана Матраимовго жаба бербеш керек.

«Коррупциялык схемалар мурдатан бери келе жатат жана бүгүнкү күндө да иштөөдө. Схемалардын туткунунан президент Сооронбай Жээнбеков да кайсы бир деңгээлде запкы тартууда. Сырттан келип жаткан товарлар мамлекеттик терминалдарга эмес, Бишкекте Салымбековдун, Ошто Матраимовдун терминалына түшөт. Бажыда мындай туш тарапка кетип жаткан толгон-токой каражаттар бар», — дейт Калмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM