Биз менен байланышыңыз

Каптагаев: Атамбаев Жээнбековду жарга такап койду

Кыска кабар , Пикирлер | 31 мая 2019 | 2171 | 1

Саясатчы Эмилбек Каптагаев «Марал» радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдор маселеси боюнча өлкө башчы Сооронбай Жээнбековду жарга такап койгонун билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев бул кадамы менен бет тырмалык кылып жатат. Анткени, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупционер болсо, Атамбаев аны кызматтан бошоткондо, дароо камашы керек болчу.

Өткөн президенттик шайлоодо КСДП 350 миңдей добушту Ош облусу менен Ош шаарынан алган. Атамбаев аны билет. Ал ошондуктан, кийинки президенттик шайлоодо өлкө башчы Жээнбековдун саясий бекемделүүсүнө жол бербей, саясий тамырын кыркуу максатында Матраимовду атайын алып чыгып, Жээнбековдун кекиртегине бычак такады.

«Мындан улам, Матраимов өлкөдө саясий маселеге айланды. «Мындан аркы саясий аренадагы күрөштүн борбору каякты карай оойт? — деген жагдайда Жээнбековдун кийинки кадамдары кандай болот? Матраимовду жоопкерчиликке тартууга чейин жеткире алабы же жокпу?» — деген суроо саясаттын индикаторун аныктоочу маселе. Бул жерде Атамбаев да чоң саясатчы, андагы тажрыйба көп кишиде жок», — дейт Каптагаев.

Ал кошумчалагандай, Жээнбеков коррупция менен күрөш жүрүп жатканын көп жерде айтканы менен иш жылбай жатат. Бийликтин «Матраимовдун ишин карап жатабыз» деген кашаңдыгы элде көп ой жараттууда. Бийлик ишти кечеңдетип, карабай жатат.

Райымбек Матраимовго “Мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча иш ачылды

1 пикир

1 пикир

  1. Иван

    01.06.2019 03:16

    Каптагаев Аша жумушсуз калтыргандан бери « опозиция» сезип момент болгон жерден аны шыбаганга жетишип калып журот ар дайым! Оч алуу бул калмак учун канына синип калган окшойт?! Бутту баары Аша деле кетти бирок ушуга окшогон чиновниктер б а чиномиллионерлер Келдибековко окгогон чырактарына май таамып еле жамандап жатып калышты! Каптагаев унутуп калган го Колдон Акматбаевге беле каршы шайлоого чыгып Балыкчыдан 14 киши алганын?! Буларды, Роза экоону тен Аша адам кылбады беле

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM