Биз менен байланышыңыз

Райымбек Матраимовго «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча иш ачылды

Кыска кабар | 29 мая 2019 | 3612 | 0

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Аталган иш «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган.

Эске салсак, буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таировду кабыл алып, Матраимовдун мүлкүн текшерүү процессин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырган болчу.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM