Биз менен байланышыңыз

Менчикке кеткен парктар мэрияга кайтабы?

Коом | 30 мая 2019 | 813 | 0

Жарандык активист, «Биздин укук» коомдук фондусунун жетекчиси Калича Умуралиева «Шаардагы парктар» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Ага мындай сунуш Бишкек мэриясы тарабынан берилген. Жаңы дайындалган директор былтыр Бишкектин жашыл зоналары боюнча изилдөөсүнө катышкан. Анын натыйжасында, Совет мезгилинен кийин эс алуу парктарын качан, кимдер сатканы аныкталып, бир топ сунуштар пайда болгон. Мындан улам, Союз маалында «жашыл шаар» аталып, далайларды суктанткан, эгемендүүлүк алгандан кийин кедеринен кеткен Бишкектин парктары тууралуу сурамжылоо жүргүздүк.   

Баш калаабыздагы Кычан Жакыпов паркы менен Панфилов паркы ижарага берилип кетсе, Фучик паркынан бир нече сотых жер жеке менчикке  сатылган. «Учурда шаар бийлиги соттошуп, алалбай жатабыз», — дейт Бишкек шаардык мэриясынын Аппарат башчысы Балбак Түлөбаев. Анын айтымында, шаар бийлиги мыйзамсыз ижарага берилген же сатылып кеткен парк аянттарын өз балансына өткөрүп, жашылдандыруу жана өнүктүрүү боюнча бир нече долбоорду карап жатат. Ал эми жаңы түптөлгөн «Шаардагы парктар» ишканасына директор болуп келген Калича Умуралиева бул иштердин өтөөсүнө чыгат деген ишенимин билдирди.

— Биз Калича Умуралиевага «Шаардагы парктардын» жетекчилигин сунуштоо менен бирге, «Парктарды эл эс ала тургандай кылып бүтүргүн», — деген тапшырманы кошо бердик. Парктарды бөлүп, иш алып барышыбыз керек. Мисалы, айрымдарына аттракцион коюш керек, кээ бирөөнө кереги жок дегендей. Жакында парктардын бардыгын бир калыпка салабыз. Каличанын бул жаатта тажрыйбасы көп. Өзүнүн пикири, пландары бар, командасын да топтоп жатат. Кудай буйруса, документ иштери бүтсө, баарын кенен айтып берет.

Калича Умуралиеванын бул кызматка келиши жакшы жөрөлгө. Анткени, ал буга чейин шаардагы мыйзамсыз курулуштар жана парктардын менчикке  чыгып, мыйзамсыз сатылып кетиши боюнча өзү жетектеген «Биздин укуктар» коомдук фонду менен биргеликте маселе көтөрүп, шаар бийлигине, шаардык Кеңешке сын айтып келген. Мындай пикирин шаардык Кеңештин депутаты Канатбек Музуралиев билдирди. Ал белгилегендей, жеке менчикке өтүп же четинен курулуш үчүн сатылып жаткан Ататүрк паркы баштаган бир катар парктарды шаардык бийликтин карамагына өткөрүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен Бишкек шаардык Кеңеши жапатырмак иш алпаруусу керек. Ал эми парктарды ижарага берүү, салык жана каржы маселеси тууралуу буларга токтолду:

— Панфилов паркы буга чейин ижарага берилип кеткен. Жылына бюджетке канча каражат төлөөрүн так айталбайм, бирок, паркты кайра тендерге кое турган болсок, жылына 30 миллион сом салык төгөбүз дегендер бар. Паркты ижарага алып иштетип жаткандар, менимче, жылына 3 миллион сомдой эле салык төгөт. Бул жерде кызыкдар болгон бийлик адамдары, шаардык Кеңештин мурдакы депутаттары  бар. Азыр эми, бир миллион сомго беш жылга ижарага алып, миллиондогон долларга сатып жиберип жатышпайбы.

«Шаардагы парктар» ишканасын «Бишкек шаарынын жашылдандыруу курулушу» муниципалдык ишканасынын алдына түзүп, парктардын чек арасын тактап, мэриянын балансына өткөрүп, өзүн-өзү каржылаган деңгээлге жеткирүү негизги максат», —  дейт Бишкек шаарынын турак-жай, коммуналдык чарба боюнча вице-мэри  Рыспек Сарпашов.

— Биздин карамагыбызда жети  парк бар. Мурун эле ижарага берилип кеткен Асанбай, Панфилов парктары боюнча да сөз болууда. Аларды кайтарып алуу үчүн мэриянын жер ресурстары башкармалыгы тарабынан иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат. Жети парктын каржылоосуна  бир жылга 25-28 миллион сомдой акча каралат.

Белгилей кетсек,  жаңы түптөлгөн «Шаардагы парктар» муниципалдык ишканасынын  жетекчиси Калича Умуралиева буга чейин мыйзамсыз ижарага берилген жана сатылып кеткен парк аянттары үчүн нааразычылык акциясына чыгып келген.

Репортажды даярдаган: Чыңгызхан КОЖОШОВ

Copyright © 2017 Maral FM