Биз менен байланышыңыз

Усубалиев: Сүрөтчүнүн музейге директор болуп келишине каршымын

Кыска кабар | 30 мая 2019 | 367 | 0

Көркөм сүрөт музейинин директорлугуна сүрөтчүнүн дайындалышына каршымын. Мындай пикирин КР Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы, Кыргыз эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев билдирди.

Анын айтымында, сүрөтчү сүрөттөрдү көрсө эле ооруй баштайт.

«Маданият таануучулар келсе болот, сүрөтчүлөрдү таптакыр жолотпош керек. Анткени, алар сүрөттөрдү көрсө эле ооруй башташат», — деди Таалайбек Усубалиев.

Эске салсак, буга чейин Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин мурунку директору Юристанбек Шыгаевдин музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Лошадь с собакой», жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алып, аны бузулган абалда кайтаргандыгы социалдык тармактарда кызуу талкууга кабылып, жумушунан алынган болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM